Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин биринчи сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №5
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун «Кыргыз
Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү
үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө»
Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20- октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Миң-Булак айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Миң-Булак айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө Жобо бекитилсин тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |