Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 757 токтомуна) |
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга макулдук берүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга макулдук берүү тартиби (мындан - ары Тартип) Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу жана камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органына (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга макулдук берүүнүн шарттарын, талаптарын, негиздерин, ошондой эле макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын макулдугусуз камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга жол берилбейт.
2-глава. Макулдук алуунун тартиби
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ал түзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун милдеттенмелеринен турган камсыздандыруу портфелин камсыздандыруунун өткөрүлүп берилүүчү түрлөрү боюнча лицензиясы бар башка камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарына өткөрүп бергенден кийин ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга макулдук алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылат.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга макулдук алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди берет:
1) ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга макулдук берүү жөнүндө арызды;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун акционерлеринин жалпы чогулушунун ыктыярдуу жоюу же кайра уюштуруу жөнүндө чечимин;
3) мөөнөттөрүн жана этаптарын көрсөтүү менен жоюу же кайра уюштуруу планын;
4) акыркы отчеттук мезгил үчүн аудитордук корутундуну;
5) салыктар жана жыйымдар боюнча ыйгарым укуктуу орган менен салыштыруу актысын;
6) камсыздандырылуучулардын, пайда алуучулардын жана башка кредиторлордун алдындагы милдеттенмелердин аткарылганы жөнүндө маалыматты;
7) өтүнүч берилген датага карата финансылык отчеттуулукту;
8) камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү жөнүндө кабыл алуучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму(дары) менен макулдашууну(ларды);
9) лицензиянын(лардын) түп нускасын.
5. Ыйгарым укуктуу орган арызды документтердин толук пакети келип түшкөн күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө карайт.
6. Ыйгарым укуктуу орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде берилген документтердин топтомунун толуктугун жана берилген документтердин ушул Тартиптин 4-пунктунун талаптарына ылайык келишин карайт.
Берилген документтер толук эмес болгон же колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен документтер берилген учурда ыйгарым укуктуу орган 6-пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттө документтерди кайра иштеп чыгууга кайтарат.
3-глава. Макулдукту кароо жана берүү тартиби
7. Ыйгарым укуктуу орган арызды кароодо төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өткөрүп берүүчү жана кабыл алуучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугуна баалоо жүргүзүүгө;
2) кабыл алуучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүүгө.
8. Берилген документтер жарандык мыйзамдардын, камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келген жана баш тартуу үчүн негиздер жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга жазуу жүзүндө макулдук берет.
4-глава. Макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
9. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда ыктыярдуу жоюуга макулдук берүүдөн баш тартат:
1) арыз ээси тарабынан анык эмес же толук эмес маалымат берилгенде;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандырылуучулардын, пайда алуучулардын жана/же башка кредиторлордун алдында аткарылбаган милдеттенмелери болгондо;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген жоюу тартибинин талаптары бузулганда;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген камсыздандыруу портфелин кабыл алуучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруксуздугунда;
5) Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүүчү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна карата учурдагы көзөмөл чаралары болгондо;
6) жоюу балансында бурмалоолор аныкталганда, активдер жана милдеттенмелер боюнча ырастоолор жок болгондо;
7) камсыздандырылуучулардын, кредиторлордун жана салык органдарынын алдындагы милдеттенмелер аткарылбаганда.
10. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда ыктыярдуу кайра уюштурууга макулдук берүүдөн баш тартууга укуктуу:
1) арыз ээси тарабынан анык эмес же толук эмес маалымат берилгенде;
2) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген кайра уюштуруу тартибинин талаптары бузулганда;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген камсыздандыруу портфелин кабыл алуучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруксуздугунда;
4) уставдык капитал жана өздүк каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген минималдуу деңгээлден төмөн болгондо;
5) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аудитордук корутунду терс болгондо;
6) Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүүчү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна карата учурдагы көзөмөл чаралары болгондо.
5-глава. Корутунду жоболор
11. Чечим оң болгон учурда ыйгарым укуктуу орган жазуу жүзүндө макулдук берет, ал берилген датадан тартып 12 (он эки) ай колдонулат.
12. Макулдук берүүдөн баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтөт.
Эгерде ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин 5-пунктунда белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун ыктыярдуу жоюуга же кайра уюштурууга макулдук берилди деп эсептелет.
13. Кайра кайрылуу баш тартуу үчүн негиз болгон себептер четтетилгенден кийин мүмкүн.