Редакцияот 15.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги

10-сессиясы

 

15.08.2025  №10-6 Куу-Майдан айылы

 

Арбын айылына бөлүнгөн акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн алты айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жана айылдык кеңештин 2025-жылдын 16-январындагы №3-4 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолорду жүргүзүү тууралуу айыл өкмөтүнүн жана туруктуу комиссиянын берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Жайыт жерлерди коргоо үчүн мал тосмого каралган акча каражатын Арбын айылындагы ФАПтын айланасын тосууга деп өзгөртүлсүн.

2.Өзгөртүлгөн акча каражатын каржылоо жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

  

Төрага

 

О.С. Абдырахманов