Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-декабры № 786
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 “Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин, дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасын бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Документтерди кароо мөөнөтүн кыскартуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 “Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин, дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасын бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибинде:
– 4-пункттагы “30 календардык күндөн” деген сөздөр “15 календардык күндөн” деген сөздөргө алмаштырылсын.
1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |