Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 4-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 4-03
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн “Кок-Бел берекеси”муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджети жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн “Көк-Бел берекеси” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга даярдалган бюджет долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн “Көк-Бел берекеси” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга даярдалган бюджет долбоорунун киреше жана чыгаша бөлүктөрү 2 254 600 (эки миллион эки жүз элүү төрт миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бюджеттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылышы “Көк-Бел берекеси” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Жороевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Айткулов |