Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 4-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 4-04
Көк-Бел айыл аймагындагы турак-жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасын бекитип берүү жөнүндө
Көк-Бел айыл аймагындагы турак-жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасын бекитип берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” № 37 мыйзамынын 379-беренесиндеги 1-пунктуна ылайык, бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл аймагындагы турак-жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасы
Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Ноокат району боюнча
башкармалыгынын 2025-жылдын 21-февралындагы №01-3/169 катында
сунушталган орточо ставкаларга негиз, 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына
жүктөлсүн.
3.Ушул токтом Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Ноокат району боюнча башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кенешинин бюджет,
экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Айткулов |