Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 4-сессиясы
2025-жылдын 26-февралы № 4-04
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн К. Абдылакимов атындагы “Көк-Бел” орото мектебиндеги кол өнөрчүлүк окуу каанасын ишке киргизүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун К. Абдылакимов атындагы “Көк-Бел” орото мектебиндеги кол өнөрчүлүк окуу имаратын ишке киргизүүгө уруксат берүү жөнүндөгү сураныч катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.К. Абдылакимов атындагы “Көк-Бел” орото мектебиндеги кол өнөрчүлүк окуу имаратын ишке киргизүүгө уруксат берилсин.
2.Мектеп окуучуларын тигүүчүлүк кесипке үйрөтүү жана тарбиялоо мектеп жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризимди өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага |
| М. Айткулов |