Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-декабры № 772
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жеңил автомобиль-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу айдоочулардын лицензияларды алуусу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 17-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
– 1941-пункттун сегизинчи абзацында “2025-жылдын 1-декабрынан” деген сөздөр “2026-жылдын 1-февралынан” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |