Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
С.Юсупова айылдык кенешинин VIII чакырылышынын 1-сессиясы
Т О К Т О М
2024-жылдын 27-ноябры №1-4
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча зоналык коэффициенттин бекитип берүү жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналык коэффициенттерин жогорулатуу, өткөн эски жылдарга карата инфляцияны өсүүсүн эсепке алуу жөнүндөгү айыл өмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси И.Султановдун билдирүүсүн угуп, Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 11.09.2024-жылдагы № 01-2/ 486 сандуу каты менен таанышып. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398-беренесинин 3,4 пунктуна жана 404-беренесинин 4-пунктарын жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча зоналык коэффициентти 2,0 деп бекитип берилсин.
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнө бекитилип берилген салыктар боюнча зоналык коэффициентти 2,0 боюнча иш алып баруусу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет,каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага: М. Мамитов.