Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-декабры № 769
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 7-июлундагы № 400 “Түндүк” ачык
акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 400 “Түндүк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемеси, медициналык статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын киргизүү боюнча функциялардан тышкары;”;
2) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. “Түндүк” ААК жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, төмөнкү органдарды жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүн кошпогондо, мамлекеттик органдардын (анын ичинде сот органдарынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, фонддордун (республикалык, жергиликтүү бюджеттердин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу) маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жалгыз берүүчүлөрү болуп саналат деп аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, укук коргоо органдарын, прокуратура органдарын, ошондой эле маалыматтык ведомстволук системалары Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтарынын, кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын негизинде иштеген органдарды;
3) Бишкек шаарынын мэриясын.”;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 111, 112-пункттар менен толукталсын:
“111. Медициналык статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын киргизүү боюнча функциялар тиешелүү штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
112. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесин жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтер бөлүгүндө биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик маалыматтык системалардын техникалык оператору деп аныкталсын.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |