ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XX-сессиясынын
2023-жылдын 22-августу № XX-6
Гулистан айыл аймагындагы элдер тарабынан мыйзамсыз ээленип, жер мунапысы боюнча мыйзамдаштырылган жаңы көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” № 21-Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” № 291-Жобосунун негизинде мунапыс жарыяланып, Гулистан айыл аймагындагы элдер тарабынан мыйзамсыз ээленип, турак-жай курулган жер аянттары мыйзамдаштырылды. Азыркы күнгө келип көпчүлүк жарандарыбыз бул жер аянттарына турак жай куруп, көчүп чыгышкан. Аларга көчөлөрдүн аты жоктугу кыйынчылыктар алып келүүдө. Айрыкча жерлерди мыйзамдаштыруу үчүн бериле турган мамлекеттик актылардын алынышында жарандар бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Жаңы көчөлөрдүн тургундары өздөрүнүн көчөлөрүнө ысым ыйгаруу боюнча арызданышкан. Гулистан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Гулистан айыл аймагынданы Гулистан, Фрунзе, Беш-Коргон, Бостон айылдарындагы жаңыдан уюшулган көчөлөргө төмөнкүчө ысымдар ыйгарылсын:
А) Гулистан айылы боюнча:
- Жаңы-Ноокат айылы менен чектеш болгон “Шакар-Кыштак” көчөсүнүн түндүк тарабындагы жаңы көчөгө (Хожиев Нурулланын үйүнөн Маматхалилов Илхамдын үйүнө чейинки болгон көчөгө) “Шакар-Кыштак-2” наамы ыйгарылсын.
Б) Фрунзе айылы боюнча:
- “Закиров” көчөсүнүн батыш тарабындагы жаңы көчөгө (Төлөнбаев Аманбайдын устаканасынан батышка карап кеткен көчөгө) “Закиров-2” наамы ыйгарылсын.
В) Беш-Коргон айылы боюнча:
- Тытзар участкасындагы 105-контурдагы жаңы көчөгө (Самиев Шерзодтун үйүнөн Узаков Мухаммадсолинин үйүнө чейинки болгон көчөгө) “Тытзар-4” наамы ыйгарылсын.
Г) Бостон айыл боюнча:
- Бостон айылындагы жаңы конуштардагы “Беш-Капа-3” атындагы көчөнүн түштүк тарабындагы батышка карап кеткен жаңы көчөгө “Беш-Капа-4” наамы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан наам коюлган көчөлөргө тийиштүү көрсөткүч жана номерлерди даярдоо жана илүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш.Таштемировго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун бирден нускасын райондук кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жеткирүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: | У. Мирзакулов |