ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXI -сессиясынын
2023-жылдын 30-сентябры № XXI-1
Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Гулистан айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1- чечимине негиз, Гулистан айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Гулистан айылдык аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайы Гулистан айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10:00дө өткөрүлсүн.
2. Гулистан айыл аймагынан Жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 150 болуп бекитилсин (№1-тиркеме тиркелет).
3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2-тиркеме тиркелет).
4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары – Жумушчу топ) (№3-тиркеме тиркелет).
5. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык, Гулистан айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин. (№4-тиркеме тиркелет).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз
21-сессиясынын № 1 токтомуна № 1 тиркеме
Гулистан айыл аймагынан Жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы
№ | Айылдардын аталышы | Калктын саны | Делегаттардын нормасы |
1 | Фрунзе | 6820 | 44 |
2 | Бостон | 5245 | 33 |
3 | Чоң-Кыштоо | 301 | 2 |
4 | Гулистан | 6235 | 40 |
5 | Беш-Коргон | 4841 | 31 |
|
Жалпы саны: |
23442 |
150 |
Гулистан айылдык кеңешинин катчысы: кол тамгасы А. Абдураимов
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз
21-сессиясынын № 1 токтомуна № 2 тиркеме
Гулистан айыл аймагындагы айылдарда Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги
№ | Айылдардын аталышы | Өткөрүлө турган күнү жана убагы | Өткөрүлө турган орду |
1 | Фрунзе | 17-октябрь 2023-ж. саат 10:00 | Гулистан айыл өкмөтүнүн кичи залы |
2 | Бостон | 18-октябрь 2023-ж. саат 10:00 | Р. Хужамов атындагы орто мектеби |
3 | Беш-Коргон | 19-октябрь 2023-ж. саат 10:00 | “Чили-Сай” орто мектеби |
4 | Гулистан | 20-октябрь 2023-ж. саат 10:00 | Гафур Гулям атындагы орто мектеби |
5 | Чоң-Кыштоо | 23-октябрь 2023-ж. саат 10:00 | Гулистан айыл өкмөтүнүн кичи залы |
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: кол тамгасы У. Мирзакулов
Гулистан айылдык кеңешинин катчысы: кол тамгасы А. Абдураимов
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз
21-сессиясынын № 1 токтомуна № 3-тиркеме
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча
жумушчу тобунун курамы
1. Мирзакулов Умаржон – Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы
2. Абдураимов Абдурахман – Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы.
Мучөлөрү:
3. Айбашов Ибрагим – Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
4. Юсупов Лазизбек – “Чоң-Кыштоо” айылынын айыл башчысы.
5. Кутиев Розали – “Беш-Коргон” айылынын айыл башчысы.
6. Абдурасулов Махамадали – “Гулистан” айылынын айыл башчысы.
7. Гафаров Шавкат – Гулистан айылдык кеңешинин депутаты.
Гулистан айылдык кеңешинин катчысы: кол тамгасы А. Абдураимов