Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXII-сессиясынын

 

2023-жылдын 4-октябры  № XXII-2

Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан Административдик Аймактык Реформа боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 03.10.2023-ж. чыгыш номери 01-25/3347 сандуу катын жана Гулистан айыл өкмөтүнүн 03.10.2023-ж. чыгыш номер 01-19/878 сандуу катын кароо жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ№350-Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын      3-октябрындагы чыгыш номери 01-25/3347 сандуу сунуш катын жетекчиликке алып жана Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-октябрындагы чыгыш номери 01-19/878 сандуу сунуш катын маалымат катары кабыл кылып, Гулистан айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 3-октябрындагы чыгыш номери 01-25/3347 сандуу сунуш каты каралсын, Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-октябрындагы чыгыш номери 01-19/878 сандуу сунуш каты маалымат катары кабыл кылынсын.

2. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 3-октябрындагы чыгыш номери 01-25/3347 сандуу сунуш катында көрсөтүлгөн, Гулистан айыл аймагы Ноокат шаары менен бириктирилип “Ноокат шаары” болору боюнча долбоору Гулистан айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан көпчүлүк добуш менен колдоого алынбагандыгы белгиленсин.   

 

3. Гулистан айыл аймагынын Ноокат шаары менен биригип “Ноокат шаары” болору боюнча концепциялык долбоору кеңири каралып, элдик талкууга коюлуп, мындан кийинки сессияларда каралсын.

4. Гулистан айыл өкмөтүнө:

-        Административдик-Аймактык Реформа боюнча Гулистан айыл аймагынын тургундарынын кызыкчылыгын эске алуу менен, элдин сунуш пикирлерин жогорку органдарга кат жүзүндө жеткирүү жүктөтүлсүн.

5. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларына жүктөтүлсүн.

 

 

Төрага:

 У. Мирзакулов