АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Айдаркен шаардык Кенешинин 5- чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2025-жылдын 13-октябры № 24
Кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү жөнүндө
КРнын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндө” Жобонун негизинде, Айдаркен шаарынын аймагында жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча карап, талкуулап чыгып Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айдаркен шаарынын аймагында кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00дѳ Айдаркен маданият сарайында ѳткѳрүлсүн.
- Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучу ѳкүлдѳрдүн саны нормага ылайык 80 (сексен) ѳкүл болуп бекитилсин.
- Жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жыйындарды ѳткѳрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттары №2 тиркемеге ылайык жергиликтүү жашоочулар менен ар бир аймактык бѳлүктѳрдѳ жыйындарды ѳткѳрүүгѳ жооптуу болуп дайындалсын.
- Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар ѳткѳрүлѳ турган күнү, убактысы жана жайы жѳнүндѳ расмий сайттар, массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар жана башка маалымат булактары аркылуу жергиликтүү жашоочуларга кабар берүү жагы менен кошо жыйындар жана чогулуштар ѳтүүчү жайларды тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоо Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жана шаардык кеңештин бардык депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Алтымышова |
Айдаркен шаардык кеңешинин кезектеги 13-сессиясынын №24-токтомуна №1-тиркеме
№ п/п | Аймактык бѳлүктѳр (кварталдар) | Жыйын ѳтүлүүчү күн (датасы) | Жыйындын башталышы (убактысы) | Дареги | Жооптуулар | Эскертүү |
1 | Биринчи аймактык бѳлүк I-квартал (түндүк-батыш) | 20.10.2025-ж. | 10:00 | Айдаркен маданият сарайы | Шаар мэри, шаардык кеңештин депутаттары (тизме боюнча) |
|
2 | Экинчи аймактык бѳлүк II-квартал (түштүк-батыш) | 20.10.2025-ж. | 14:00 | Айдаркен маданият сарайы | Шаар мэри, шаардык кеңештин депутаттары (тизме боюнча) |
|
3 | Үчүнчү аймактык бѳлүк III-квартал (түндүк-чыгыш) | 21.10.2025-ж. | 10:00 | Айдаркен маданият сарайы | Шаар мэри, шаардык кеңештин депутаттары (тизме боюнча) |
|
4 | Тѳртүнчү аймактык бѳлүк IV-квартал (түштүк-чыгыш) | 22.10.2025-ж. | 10:00 | Айдаркен маданият сарайы | Шаар мэри, шаардык кеңештин депутаттары (тизме боюнча) |
|
5 | Шах-Шах айылы | 23.10.2025-ж. | 11:00 | Шах-Шах айлынын кеңсеси | Шаар мэри, шаардык кеңештин депутаттары (тизме боюнча) |
|
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Айдаркен шаарынын жергиликтүү жашоочулары менен жыйындарды ѳткѳрүү графиги
Жооптуу катчы Г.О.Амирбекова
Айдаркен шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясынын №24 токтомуна №2-тиркеме
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Айдаркен шаардык кеңешинин жергиликтүү жашоочулары менен айылда жана ар бир аймактык бѳлүктѳрдѳ (квартал) жыйындарды ѳткѳрүүгѳ жооптуу депутаттардын тизмеси:
- Биринчи аймактык бѳлүк (1-квартал) түндүк-батыш:
1) Хамбаров Руслан Хамдамалиевич
2) Бурханова Гулбара Батыровна
3) Маматалиев Соурбек Мамитович
4) Аталикова Акбермет Абдирашитовна
- Экинчи аймактык бѳлүк (2-квартал) түштүк-батыш:
1) Усманов Джигит Мурзахматович
2) Абдиманнабов Жылдызбек Абдиманнабович
3) Ташбалтаев Үсɵн Махматович
4) Шадиев Расул Таштанович
- Үчүнчү аймактык бѳлүк (3-квартал) түндүк-чыгыш:
1) Козубаев Абдыразак
2) Султанова Зинат Камаловна
3) Салиев Тулибай Жанивалиевич
4) Абдиллов Темирлан Батырбекович
- Тѳртүнчү аймактык бѳлүк (4-квартал) түштүк-чыгыш:
1) Мурзаева Касиет Орунбаевна
2) Кузиев Кузибай Додобекович
3) Кудайкулов Адахамали Кожомбердиевич
4) Шайдулла кызы Асел
- Шах-Шах айылы:
1) Абдалиев Талантбек Садыкович
2) Кадыров Жапар Боркошевич
3) Шамшидинов Шарабидин Жолдошович
4) Абдибаитов Камалбек Маликович
Жооптуу катчы Г.О.Амирбекова
Айдаркен шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясынын №24 токтомуна №3-тиркеме
Айдаркен шаарынын аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
1. Алтымышова Альбина Асатиллаевна - жумушчу топтун башчысы, шаардык кеңештин тѳрагасы;
2. Амирбекова Гүлмира Оруналиевна - жумушчу топтун катчысы, шаардык кеңештин жооптуу катчысы;
3. Абдиманнабов Жылдызбек Абдиманнабович - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин депутаты;
4. Ташбалтаев Үсөн Махматович - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин депутаты;
5. Шамшидинов Шарабидин Жолдошевич - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин депутаты;
6. Кадыров Жапар Боркошевич - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин депутаты;
7. Саитов Азамат Төрөбаевич - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык мэриянын аппарат жетекчиси;
Жооптуу