Редакцияот 04.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2025-жылдын 4-ноябры № 114

 Суу-Башы  айыл аймагынын Бужум айылына жаңыдан балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасын “Келечек Үмүтү” балдар бакчасы деп атоого макулдук берилсин.

 

2.    “Келечек Үмүтү” балдар бакчасына 2 (эки) толук күндүү, 1 (бир) кыска мөөнөттүү тайпа ачууга макулдук берилсин.

 

3.    Жаңыдан ачылган бала бакчасына штаттык бирдиктерин чечип берүү жагы  Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

4.    Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.

 

5.    Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

6.    Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

К.Шакиров