Редакцияот 04.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2025-жылдын 4-ноябры № 118

 Суу-Башы  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кеңсесин кезектеги оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине  ылайык, айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын  3-ноябрындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кеңсесин кезектеги оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө 2025-жылга бекитилген бюджетинин 31 11 статьясынан үнөмдөлүп калган 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын 22 21 статьясына которууга  макулдук берилсин.

 

2.    Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысына милдеттендирилсин.

 

3.    Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.    Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

К.Шакиров