СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
2025-жылдын 4-ноябры № 121
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Бужум айылынын жарандарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүдө, түзүлгөн комиссиясынын курамына айылдык кеңешинин депутаттарынан өкүлдөрдү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-ноябрындагы №490 сандуу катынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Бужум айылынын жарандарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүдө, түзүлгөн комиссиясынын курамына айылдык кеңешинин төмөнкү депутаттары өкүл катары сунушталып, бекитилсин:.
1. Тилеков Улукбек Каттабекович - айылдык кеңешинин депутаты.
2. Адилбек уулу Мирбек- айылдык кеңешинин депутаты.
3. Мурзакулова Хатичабүбү- айылдык кеңешинин депутаты.
4. Улукбеков Сайипжан Турдуевич- айылдык кеңешинин депутаты.
5. Джолдубаева Гулнара Касымовна- айылдык кеңешинин депутаты.
6. Касымов Жусуп- айылдык кеңешинин депутаты.
7. Касымов Сулайман Акбарович- айылдык кеңешинин депутаты.
8. Абдурасулов Алмазбек Абдыкаарович- айылдык кеңешинин депутаты.
9. Мовлянова Калча Илмияновна- айылдык кеңешинин депутаты.
10. Дуйшоева Канзада Маткалыковна- айылдык кеңешинин депутаты.
- Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
- Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
IV. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |