СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
2025-жылдын 4-ноябры № 122
Жаңы-Достук конушуна айыл статусун бербөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактын түзүлүшү тууралуу” Мыйзамдарына ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-ноябрындагы №491 сандуу катынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Суу-Башы айыл аймагынын Чет-Булак участкасында жайгашкан Жаңы-Достук конушуна өзүнчө айыл статусу берилбесин.
- Жаңы-Достук конушу азыркы учурда Бужум айылынын административдик аймагына кирет жана өзүнчө айыл катары бөлүнүүгө мыйзамдык негиз жок экендиги белгиленсин.
- Жаңы-Достук конушу Бужум айылынын карамагында калтырылсын.
- Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
- Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |