Редакцияот 04.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2025-жылдын 4-ноябры № 123

 Суу-Башы айыл аймагындагы бала бакчаларына кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндөгү Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы №112 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.

 

Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-ноябрындагы   №491 сандуу катынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №112 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип төмөндөгүдөй баяндалсын:

1-пункт: Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Токой бала бакчасынын филиалы болуп ачылган Бөжөй айылындагы бала бакчасына 1 (бир) кыска мөөнөттүү жана Кара-Булак айылындагы Жаш-Балапан бала бакчасына 1 (бир) толук күндүү кошумча тайпаларды ачууга макулдук берилсин.

 

2.    Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

К.Шакиров