Редакцияот 21.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы

 

2025-жылдын 21-ноябры  №11/4

 

Ак-Сай өрөөнүндөгү “Кел-Суу” участкасы боюнча муниципалдык ишкананын жүргүзгөн иштери    жөнүндө

 

         Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишкананын жетекчиси Н.Өмүрбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI  сессиясы токтом кылат :

 

1.    Ак-Сай өрөөнүндөгү Баш-Кайыңды айыл аймагына тиешелүү “Кел-Суу” көлү боюнча “Баш-Кайыңды” муниципалдык ишканасы жакшы иштерди жүргүзүп келгендиги белгиленсин.

2.    2026-жылдан баштап “Кел-Суу” көлү боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча акча каражаттарын түшүрүү боюнча иш аракеттер көрүлсүн жана тиешелүү иштер алынып барылсын.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.

 

4.    Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

 

  Төрага

А. Бокоев