Редакцияот 21.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы

 

2025-жылдын 21-ноябры  №11/5

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө

                                                                                        

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” № 502 токтомунун тиркемесинде жазылган жобону   талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы токтом кылат :   

                   

1.    Баш-Кайыңды айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө Жобосу № 1-тикемеге ылайык бекитилсин.

 

2.    Көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө келишимдин формасы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

 

3.    Көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча Жобого ылайык иш алып баруу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтунүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.

 

4.    Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы   А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

 

 

  Төрага

А. Бокоев