Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 1-сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры № 1-04
Элдик Курултайга Көк-Бел айыл аймагынан делегаттарды
шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү
жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Көк-Бел айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны Көк-Бел айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 2024-жылдын 07-декабрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2.Көк-Бел айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 50 болуп бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
3.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин (2-тиркеме тиркелет. 4.Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (3-тиркеме тиркелет) (мындан ары – Жумушчу топ).
5 Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык Көк-Бел айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин (4-тиркеме тиркелет).
6.Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүдө уюштуруп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук,
тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М.Айткулов |