Редакцияот 21.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы

 

2025-жылдын 21-ноябры  №11/8 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жазылган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын карап берүү  жөнүндө

  

 

       Баш-Кайыңды айыл аймагындагы аткарыла турган иштер боюнча өнүктүрүү фонддорго жазылган долбоорлор тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап  Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XI   сессиясы токтом кылат :

 

1.    Тиешелүү акча каражатынан төмөндөгү жумуштарга өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен акча каражаты артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин:

-    Баш-Кайыңды айылындагы ФАПтын ички ремонтуна-155605 сом;

-    Өзгөрүш айылынын ички көчөлөрүн жарыктандырууга-162869 сом;

-    Өзгөрүш айылындагы кампага дан эгип кургатуучу жайга-257545 сом;

-    Өзгөрүш айылындагы бала бакчанын ички ремонтуна-163066 сом;

-    Баш-Кайыңды айылындагы паркты ремонттон өткөрүүгө-

-    Талды-Суу айылынын ички көчөлөрүн жарыктандырууга -282542 сом

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.

 

 

3.    Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

  Төрага

А. Бокоев