Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2-сессиясы
2024-жылдын 24-декабры № 2-03
Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме- ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2025-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын № 34-статьясынын 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126-Токтомуна ылайык, Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме- ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2025-жылга электр энергиясынын лимити 345,1 кВт/с өлчөмүндө бекитилсин.
2.Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна керектөөчү электр энергиясын бекитилген лимитттен ашырбоо жагы айыл өкмөттүн жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилилерине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясы жүктөлсүн..
Төрага |
| М.Айткулов |