Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2-сессиясы
2024-жылдын 24-декабры № 2-07
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджетт ик кодексинин 88-беренесине ылайык, айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2025-2027-жылдарга карата Көк-Бел айыл аймагынын социалдык-экономикалык
өнүктүрүү программасы жактырылсын.
2.Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы
Көк- Бел айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Р. Маматовго тапшырылсын.
3.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Айткулов |