ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
I – чакырыгынын ирээттеги IХ сессиясы
2025-жылдын 10-октябрындагы № 57-3
Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин сатууга макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А.нын маалыматын жана Оморова Гүлсирен Жуманазаровнанын арызын угуп, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, ошондой эле Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-декабрындагы № 4-1 токтому менен бекитилген айылдык кеңештин иш тартибинин 2-бөлүмүнө ылайык
Төрт-Гүл айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө муниципалдык менчиктеги жалпы аянты 330,0 м² болгон жер тилкесин дареги: Петровка айылы, Жаңы көчөсү №80а сатууга макулдук берилсин.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукцион өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Байсульдаевга жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |