Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 9
Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын
12 айдын ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 12 айдын ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун “Аймактын 2024-жылдын 12 айдын ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө” отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрайым | Асадова А.К. |