Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 1-сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1-2
Бел айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрь №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1.Эсептөө комиссиясынын Бел айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жактырылсын.
2.Токур уулу Шергазы Бел айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| М. Ураимов |