Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2-сессиясы
2024-жылдын 18-декабры №2-2
Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин негизинде № 2-2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган айылдык бюджетинин тогуз айлык аткарылышынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүндө кээ бир салыктар ашыгы менен, кээ бир салыктар кем аткарылган. Ошондуктан аткарылбаган салыктарды кемитип жылдыруу үчүн тийешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Бел айылдык кеңешинин экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 79-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 115-беренесинин 4-бөлүгүнө таянып депутаттардын Бел айылдык кеңеши карап чыгып токтом кылат:
1.Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү тогуз айлык аткарылышын алып, чакан ишкердик субьекттери үчүн бирдиктүү салык, таштанды салыгы, кирешелеринен алынган салыктар 570 500 ( беш жүз жетимиш миң беш жүз) сом акча каражаты ашыкча түшкөндүктөн планга кошумча киргизилсин.
2.Жогоруда көрсөтүлгөн кошумча түшкөн 570 500 ( беш жүз жетимиш миң беш жүз) сом акча каражатын мыйзам чегинде чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |