Редакцияот 13.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

I – чакырылышынын кезектеги ачык Х сессиясынын

 

2025-жылдын 13-ноябрындагы № 58-1

 

 

“2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бюджет боюнча үнөмдөлгөн акча каражаттарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө”

 

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А. тарабынан 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бюджетте үнөмдөлгөн акча каражаттарын кайра бөлүштүрүү тууралуу берилген маалыматты угуп жана талкуулап:

70111-бөлүм боюнча 2214-берене боюнча бензин сатып алууга 237,6 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 227,9 миң сомду түздү, үнөмдөө 9,7 миң сомду түздү.

70111-бөлүм боюнча 2215-берене боюнча мамлекеттик кызматчыларды окутууга чыгымдарга 50,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 22,0 миң сомду түздү, үнөмдөө 28,0 миң сомду түздү.

70111-бөлүм боюнча 2215-берене боюнча маалыматтык технологиялар жаатындагы чыгымдарга 120,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 113,9 миң сомду түздү, үнөмдөө 6,1 миң сомду түздү.

70111-бөлүм боюнча 2224-берене боюнча көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга чыгымдарга 35,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 32,0 миң сомду түздү, үнөмдөө 3,0 миң сомду түздү.

70429-бөлүм боюнча 2215-берене боюнча башка чыгымдарга 680,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша жок, үнөмдөө 680,0 миң сомду түздү.

70629-бөлүм боюнча 2222-берене боюнча Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга 100,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 80,0 миң сомду түздү, үнөмдөө 20,0 миң сомду түздү.

70629-бөлүм боюнча 3113-статья боюнча өсүмдүктөрдү сатып алууга 150,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша болгон эмес, үнөмдөө 150,0 миң сомду түзгөн.

70921-бөлүм боюнча 2222-берене боюнча Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга 300,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 70,7 миң сомду түздү, тендерге 96,0 миң сом суммасында берилди, үнөмдөө 133,3 миң сом.

70921-бөлүм боюнча 2224-берене боюнча көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 637,0 миң сом суммасында акча каражаты салынган, кассалык чыгаша 581,5 миң сомду, үнөмдөө 55,5 миң сомду түздү.

70921-бөлүм боюнча 2215-берене боюнча маалыматтык технологиялар жаатындагы чыгымдарга 50,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 46,2 миң сомду түздү, үнөмдөө 3,8 миң сомду түздү.

70911-бөлүм боюнча 2222-берене боюнча Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга 150,0 миң сом суммасында акча каражаты салынган, кассалык чыгаша 80,6 миң сомду түздү, тендерге 53,1 миң сом берилди, үнөмдөө 16,3 миң сом.

70911-бөлүм боюнча 2224-берене боюнча көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 35,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 32,0 миң сомду, үнөмдөө 3,0 миң сомду түздү.

70911-бөлүм боюнча 2231-берене боюнча электр энергиясы үчүн акы төлөө боюнча чыгымдарга 100,4 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 58,6 миң сомду, үнөмдөө 41,8 миң сомду түзгөн.

70823-бөлүм боюнча 2222-берене боюнча Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга 60,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 17,8 миң сомду түздү, тендерге 12,6 миң сом берилди, үнөмдөө 29,6 миң сом.

70821-бөлүм боюнча 2222-берене боюнча Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга 60,0 миң сом суммасында акча каражаты салынган, кассалык чыгаша жок, тендерге 24,2 миң сом берилген, үнөмдөө 35,8 миң сом.

70923-бөлүм боюнча 2224-берене боюнча көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 63,0 миң сом суммасында акча каражаты салынган, кассалык чыгаша 57,6 миң сомду, үнөмдөө 5,4 миң сомду түздү.

70963-бөлүм боюнча 2222-берене боюнча Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга 20,0 миң сом суммасында акча каражаттары салынган, кассалык чыгаша 9,4 миң сомду, үнөмдөө 10,6 миң сомду түзгөн.Бардыгы 1231,9 миң сом.

Үнөмдөлгөн сумманы: учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу , кызматтык автоунаа үчүн кышкы шиналарды сатып алуу, 1С бухгалтериянын кызматына акы төлөөгө, газеталарга, журналдарга жазылуу боюнча чыгымдарды төлөөгө, каттоочулардын эмгек акысын төлөөгө, жаңы жылдык майрамдарды өткөрүүгө, дөңгөлөктүү экскаватор үчүн төлөөгө, балдар музыкалык мектептин жылуулук энергиясы үчүн чыгымдарды төлөөгө:

Төрт-Гүл айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бюджетте үнөмдөлгөн акча каражаттарын төмөнкү бөлүмдөр боюнча кайра бөлүштүрсүн:

 

Бөлүм  

Берене

элемент

сумма ( сом)

 

70111

 

2222

22221200

55000

 

 

 2214

 

22141200

23200

 

 

 2215

 

22154900

178000

 

 

 2824

 

28241100

200000

 

 

2211

22111100

8400

 

Баардыгы:

 

 

764600

 

70629

2111

21112100

96100

 

 

2121

21211100

16600

 

3112

31121290

150000

Баардыгы:

 

 

262700

 70825

2222

22221200

200000

Баардыгы:

 

 

200000

 70963

2231

22311300

 4600

Баардыгы:

 

 

4600

71093

2721

27213100

300000

Баардыгы:

 

 

300000

Жалпы:

 

 

1231900

 

 

 

 

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

 

Ж.К. Маматкеримов