Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2-сессиясы
2024-жылдын 18-декабры №2-3
Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын салык агенттиги төлөөчү киреше салыгынан түшкөн акчаны багыттары боюнча кароо жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын Салык агенти төлөөчү киреше салыгынан 570 500 (беш жүз жетимиш миң беш жүз) сом акчаны багыттары боюнча кароо жөнүндө “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция жана ишкердик иш боюнча” туруктуу комиссиянын отурумунун протоколу менен таанышып чыгып, айыл аймактагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында сессияда талкуулап, карап чыгып айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын киреше салыктарынан үнөмдөлгөн 500 000 ( беш жүз мин) сом акча каражаты төмөнкү көрсөтүлгөн багыттарга бөлүнүп берилсин.
- 150,000 сом- Бел айыл аймагына курулган Логистикалык ( мөмө жемиш сактоочу муздаткыч) борбордун акыркы этаптагы аткарылуучу жумуштарына;
- 100,000 сом- Бел айылына жаңыдан курулган Сражидинова Канзада атындагы “Райхан” балдар бакчасынын чатырын жылуулоого ;
-50,000 сом - Спорттук иш чараларга;
-50,000 сом- Жаңы жылдык майрамдык иш чараны өткөрүүгө;
-50,000 сом- Кайрагач айылындагы айрым электр чубалгыларын жаңылоо үчүн зым алууга;
- 50,000 сом - Бел айыл аймагындагы жолбуун иттерди жана чөөлөрдү атууга;
- 50,000 сом- Кайрагач айылынын Күнгөй бөлүмүндөгү дренажды казууга;
- 70,500 сом- Экономикалык чыгымдарга
2.Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |