Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2-сессиясы
2024-жылдын 18-декабры №2-4
Бел айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Ноокат сектору мекемесинин автодромун пилоттук режимде ишке киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигиннин Ноокат сектору мекемесинин автодромун пилоттук режимде ишке киргизүү боюнча тиешелүү маалыматтарды айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынан угуп, талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Кайрагач айылында жайгашкан Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигиннин Ноокат сектору мекемесинин автодромун пилоттук режимде ишке киргизүү боюнча айтылган туруктуу комиссиянын сунушу жактырылсын.
2.Автодромду пилоттук режимде ишке киргизүүгө макулдук берилсин.
3.Автодромду ишке киргизүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде кароо жана иш алып баруу жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигиннин Ноокат сектору мекемесинин жетекчисине милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура,курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |