Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2-сессиясы
2024-жылдын 18-декабры №2-5
Бел айыл аймагында 2025-жылы “Ноокат районун регионалдык өнүктүрүү фондуна” долбоорлордун өздүк салымдарына акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовдун кайрылуусунун негизине ылайык 2025-жылга айыл аймакта стратегиялык пландагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча “Ноокат районун регионалдык өнүктүрүү фондуна” долбоорлордун өздүк салымдарына акча каражаттары бөлүштүрүү жөнүндө маселени карап чыгып Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бел айыл өкмөтү тарабынан даярдалган Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебине “жаңыдан ажаткана куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 175 500 ( бир жүз жетимиш беш миң беш жүз) сом, сметанын 15 % өздүк салымы 2025-жылдын бюджетинен каралсын жана каржылансын.
2.Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Ураимов |