Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2-сессиясы
2024-жылдын 18-декабры №2-7
Бел айыл өкмөтүнүн мекеме ишканаларына керектелүүчү лимитти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы “ Жергиликтүү бюджеттерге каржылоодо турган мекемелердин электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” №126 токтомун ишке ашыруу максатында, айыл өкмөтүндөгү ишканалардын 2025-жылга электр энергиясынын лимитин бекитүү жөнүндө карап чыгып айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылга керектелген электр энергиясы үчүн 707,7 Квт лимитин бекитүү жөнүндөгү буйругу жактырылсын.
2.Бекитилген лимитти үнөмдүү пайдалануу жагы ар бир мекеме жетекчилерине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Ураимов |