Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2-сессиясы
2024-жылдын 18-декабры №2-11
Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин айланасындагы кооптуу болгон бак-дарактарды кыюу жөнүндө
Бел айылында жайгашкан Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин айланасындагы кооптуу болгон бак-дарактарды алуу, кыюу жөнүндөгү аталган мектеп директорунун маалыматын угуп, 17.12.2024-жылдагы мектеп жамаатынын №4 протоколун угуп, талкуулап Бел айылдык кеңешинин депутаттары токтом кылат:
1.Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин айланасындагы кооптуу болгон бак-дарактарды кыюу боюнча иш алып барууга макулдук берилсин.
2.Бак-дарактарды кыюуда коопсуздугун кароо жана мыйзамдын негизинде иш жүргүзүү жагы мектеп директору К.Камбаровага жана Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы А.Ырыспаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, архитектура, курулуш,экология” боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |