Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры №3-1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген мамлекеттик мүлктү (экскаваторду) муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Бел айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген транспорт (экскаваторду) муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп чыгып, талкуулап Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген транспорт (экскаваторду) муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2.Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлктү (экскаваторду) муниципалдык менчикке алуу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |