Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 5-сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 01-4/1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылда үнөмдөлгөн калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылда үнөмдөлгөн калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясы карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылда үнөмдөлгөн калдык 2 486 112,6 (эки
млн төрт жүз сексен алты миң бир жүз эки сом 60 тыйын) сом акча каражатын 2025-жылдын бюджетине бөлүштүрүлсүн.
2.2025-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетине калдыкты кошуп
каржылоону айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.Дуйшоев |