Загрузка документа…
KЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) кезектеги бешинчи сессиясы
2025- жылдын 28-мартындагы № 01-4/3 Көтөрмө айылы
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорундагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бөлүнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-мартындагы №1 отурумунун протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорундагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине сунуштарды эске алуу менен макулдук берилсин.
Төрага: | Б.Дуйшоев |