Загрузка документа…
KЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) кезектеги бешинчи сессиясы
2025- жылдын 28-мартындагы № 01-4/4 Көтөрмө айылы
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын С. Абдыразакова атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын С. Абдыразакова атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө маселени карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык
өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын С. Абдыразакова атындагы көчөнү асфальт төшөөгө түзүлгөн үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебине долбоор даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык
өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын С. Абдыразакова атындагы көчөнү асфальт төшөөгө даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 2 000 000 (эки млн) сом акча каражаты ажыратылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Дуйшоев |