Загрузка документа…
KЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) кезектеги бешинчи сессиясы
2025- жылдын 28-мартындагы № 01-4/5 Көтөрмө айылы
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын Э. Жолдубаев атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын Э. Жолдубаев атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө маселени карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык
өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын Э. Жолдубаев атындагы көчөнү асфальт төшөөгө түзүлгөн Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоор даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык
өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын Э. Жолдубаев атындагы көчөнү асфальт төшөөгө даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 1 200 000 (бир млн эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, салык жана
ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Дуйшоев |