Редакцияот 08.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

KЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) 6- сессиясы

 

2025- жылдын 8-июлу № 01-4/1 Көтөрмө айылы

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын Имам-Ата конушунун аянты 200 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин

агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы кезектеги отурумунун №4 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын Имам-Ата конушунун

аянты 200 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын Имам-Ата конушунун

аянты 200 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга тиешелүү документтерин мыйзам чегинде даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:

Б.Дуйшоев