Редакцияот 08.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) 6- сессиясы

 

2025- жылдын 8-июлу № 01-4/2 Көтөрмө айылы

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын тургуну Рустамбек Токтосуновго таандык 1800,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 500,0 чарчы метр жер аянтын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин

агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы кезектеги отурумунун №4 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын тургуну Рустамбек

Токтосуновго таандык 1800,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 500,0 чарчы метр жер аянтын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын тургуну Рустамбек

Токтосуновго таандык 1800,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 500,0 чарчы метр жер аянтын багытын өзгөртүүгө тиешелүү документтерин мыйзам чегинде даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:

Б.Дуйшоев