Редакцияот 14.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) 8- сессиясы

 

2025- жылдын 14-августу  № 01-4/2  Көтөрмө айылы

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын “Бөпөмай” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 2025-жылдын 11-июлундагы №3 жамааттык чогулушунун протоколуна макулдук берүү жөнүндө

Айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 12-августундагы кезектеги отурумунун №5 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын “Бөпөмай” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 2025-жылдын 11-июлундагы №3 жамааттык чогулушунун протоколуна макулдук берилсин.

2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын “Бөпөмай” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 2025-жылдын 11-июлундагы №3 жамааттык чогулушунун протоколуна тиешелүү документтерин мыйзам чегинде даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага:

Б.Дуйшоев