КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2025-жылдын 28-июлу № 33
“Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык.
Кең - Талаа айыл аймагынын СССРдин 50 – жылдыгы Лайлы айылындагы ”Лайлы” жалпы негизги билим берүүчү мектеби-мекемесине Алимбеков Тураттын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын 2025-жылдын 11- июлундагы жалпы элдик чогулушунун протоколунун ,Кен - Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22 –июлундагы №83 сандуу сунуш катын жана Кең - Талаа айылдык кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Кең - Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кең - Талаа айыл аймагынын СССРдин 50- жылдыгы Лайлы айылындагы “Лайлы” жалпы негизги билим берүүчү мектеби - мекемесинин аталышына Алимбеков Турат атындагы ысымды ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын жалпы элдик жана “Лайлы”жалпы негизги билим берүүчү мектеби - мекемесинин педагогикалык кеңешмесинин протоколдору, Кең-Талаа айылдык кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук,коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдору көңүлгө алынсын.
- Кең -Талаа айыл аймагынын СССРдин 50- жылдыгы Лайлы айылындагы “Лайлы” жалпы негизги билим берүүчү мектеби-мекемесинин аталышына Алимбеков Турат атындагы ысымды ыйгарууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кең-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Жумабаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук ,коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |