Редакцияот 07.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы

 

2025-жылдын 7-сентябры № 37

                     Той маареке, салтанаттарга чектөө коюу жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” №54 Жарылгынын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 мыйзамынын жана  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 сандуу тапшырмасынын талаптарын аткарууга алуу максатында Кең-Талаа айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

1.    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” №54 Жарылгынын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 мыйзамынын жана  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 сандуу тапшырмасынын талаптарын аткарууга алууга колдоо көрсөтүлсүн.

 

2.    Кең-Талаа айыл аймагында өткөрүлүүчү  той-маареке, салтанаттар кечки саат 22:00 баштап токтотулсун .

 

3.    Айыл аймактын айылдарындагы айыл башчыларга, активисттер жана той-маареке, салтанаттардын өткөрүлүшү боюнча  түзүлгөн комиссия курамына  жана Кең-Талаа аймактык милиция бөлүмчөсүнө той-маареке, салтанаттардын өткөрүлүшүнө көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.

 

4.    Токтомдун аткарылышы Кең-Талаа  айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Джумабаевге жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев