Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 1Х-сессиясы

 

2025-жылдын 14-октябры № 39

 Кең-Талаа айыл аймагындагы социалдык мекеме ишканалардын тирикчилик таштанды калдыктарын ташып чыгаруунун тарифин бекитип берүү жөнүндө

 

   Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде Кең-Талаа айыл аймагындагы социалдык мекеме ишканалардын тирикчилик калдыктарын ташып чыгаруунун тарифин бекитип берүү жөнүндөгү “Достук”МИ жетекчиси И.Тиллабаевдин 2025-жылдын 14-октябрындагы сунуш катын угуп жана талкуулап  Кең-Талаа   айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кең-Талаа айыл аймагындагы социалдык мекеме ишканалардын тирикчилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн, ай сайын төмөндөгүдөй жыйымдар алынуусуна макулдук берилсин:

Мектептерден -2500сом

Больница-2500сом,

ГСВ-2500сом,

Бала бакчалар-2500сом,

Юридикалык мекемелерден-2500сом.

2.    Кең-Талаа  айыл аймагынын  айылдарында жайгашкан имараттардын ээлеринен төмөндөгүдөй жыйымдар алынсын:

а) Ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган турак жайлардын ээлеринен (ар бир  

түтүндөн) – айына 100 ( жүз) сом;

б) Ишкердик ишке арналган чоң аянттуу (100 чарчы метрден өйдө) коммерциялык  имараттардан (соода борборлору, курулуш материалдарын саткан соода  түйүндөрү, тез татым жайлары, жер-жемиш саткан жайлар, кичи ишканалар ж.б.) ээлерине – айына 500 (беш жүз) сом;

в) Кичи аянттагы (100 чарчы метрге чейин) соода жайларынын (контейнер, ларёк, павильон ж.б.) ээлеринен – айына 200 (эки жүз) сом.

3.    Кең-Талаа айыл аймагында  жайгашкан полигонго таштандыларды ташып келген унаалар үчүн кирүү акысы төмөндөгүдөй белгиленсин:

      г)Жеңил автоунаалар үчүн – 300 (үч жүз) сом;

      д)Жүк ташуучу чоң автоунаалар үчүн – 500 (беш жүз) сом.

 

4.    Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин алып баруу, Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу, боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу, Кең-Талаа айыл өкмөтүндөгү “Достук” муниципалдык ишканасынын директору И.Тиллабаевге  милдеттендирилсин.

 

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кең-Талаа айылдык кеңешинин   «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев