Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕР РЕСУРСТАРЫ, КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК
БУЙРУК
2025-жылдын 14-ноябры № 10-1/317
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Кыргыз Республикасындагы суу чарба курулмаларын системалуу каттоону жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 712-т тескемесине ылайык, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-статьясын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, суу чарба курулмаларына болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин камсыз кылуу жана системалык каттоону ишке ашыруу максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасындагы суу чарба курулмаларына системалык каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – Жер агенттиги) жергиликтүү каттоо органдары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын райондук жана облустук түзүлүштөрү менен биргеликте 2026-жылдын 1-сентябрына чейин ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суу чарба курулмаларына системалуу каттоону жүргүзүүнү ишке ашырышсын.
3. Жер агенттигинин санариптик трансформация башкармалыгы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Жер агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде, анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн электрондук алып жүрүүчүдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Директордун милдетин убактылуу аткаруучу, директордун орун басары |
| Т.Дж. Джеембаев |