Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-мартындагы № 8
2022-жылдын 15-декбрындагы №66 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 15-декабрындагы №66 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизилсин.
2.Таштанды таштоочу жай (мусорный полигон) куруу үчүн Бекмолдо айыл аймагынын административдик чегиндеги “Дыйкандын коосу” участогундагы №1634 чөйрө сызыгынын, анын ичинен №19 чөйрө сызыгында жайгашкан жалпы аянты 1,5га жер участогун “запастык жерлер”категориясынын таштак жайыт жерлер түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”категориясынын башка жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) уруксат берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| С.Осмонов |