Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 26-ноябры № 320
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги
№ 76 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги №76 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- буйрукта:
- аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
- 1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин;
- аталган буйрук менен бекитилген жободо:
- аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо”;
- 1.-пункттун 1.1.-пунктчасы, 1.-пункттун 1.2.-пунктчасынын биринчи абзацы “буюмдар” деген сөздөн кийин “, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгы үч жумушчу күндүн ичинде:
- ченемдик укуктук актынын эки нускасын мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 290 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 76 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту Министирликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.Дж. Орозбаевага жүктөлсүн.
6. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а. |
| К.С. Досматов |