Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 24-ноябры № 102-чуа
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай- коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа «Кыргыз Республикасында курулуш иштерине документтерди берүү жана инженердик тармактарга кошуу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Укуктук жана техникалык түшүнүксүздүктөрдү жоюу, ошондой эле долбоорлоо жана куруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай- коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-чуа «Кыргыз Республикасында курулуш иштерине документтерди берүү жана инженердик тармактарга кошуу тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү жана пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттун 25-абзацында «суу менен камсыздоо жана сууну чыгарууну (канализация),» деген сөздөрдөн кийин «ирригация менен камсыздоо» деген сөз менен толукталсын;
- 4-пункттун 62-абзацында «суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу (канализация),» деген сөздөрдөн кийин «ирригация менен камсыздоо» деген сөз менен толукталсын;
- 6 пункттун 11 пунктчасында «15» цифра «25» деген цифра менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 17-1 пункту менен толукталсын:
«17-1. Инженердик тармактарга кошулган учурдагы объектилер менен түздөн-түз жакын жайгаштырылган сууматтар жайгаштырылганда, шаар куруу корутундусунун графикалык бөлүмүн даярдоо үчүн топографиялык сүрөткө тартуу талап кылынбайт, эгерде төмөнкү шарттар сакталса:
- водомат туташтырылган объект жайгашкан жер участогунун чегинде жайгашкан аймакта жайгаштырылат;
- жер участогунда инженердик тармактарды жаңыдан төшөбөстөн водоматты туташтыруу (иштеп жаткан туташуу чекиттерин колдонуу менен);
- водомат жайгаштыруу курулуш линиясын өзгөртүүнү, коргоо же санитардык зоналарга таасир этүүнү талап кылбайт жана аймактын пландаштыруу түзүмүн бузбаса;
- өтмөктөрдүн жана жөө жүргүнчүлөр жолдорунун коопсуздугу, ошондой эле учурдагы инфраструктуранын сакталышы камсыздалса.
Белгиленген учурларда, жер участогунун актуалдуу шаар куруу планынын же водоматтын жайгашкан жерин байланыштыруу жана туташтыруу чекитин көрсөтүү менен объекттин кабаттуу планынын негизинде графикалык материалды даярдоого жол берилет.»
- 50-пункта «жылуулук менен камсыздоо, сууну чыгаруу,» деген сөздөрдөн кийин «ирригация менен камсыздоо» деген сөздөр менен толукталсын;
2) Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесине:
- 1 пункттагы «суу менен камсыздоо жана суу бөлүп чыгаруу,» деген сөздөрдөн кийин «ирригация» деген сөз менен толукталсын;
- 4 пункттун 11 абзацындагы «суу менен камсыздоону жана сууну чыгарууну (канализацияны),» деген сөздөрдөн кийин «ирригация менен камсыздоону» деген сөздөр менен толукталсын;
- 4 пункттун 20 абзацындагы «суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу (канализация),» деген сөздөрдөн кийин «ирригация менен камсыздоо» деген сөздөр менен толукталсын;
- 4 пункттун 26 абзацындагы «суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу (канализация),» деген сөздөрдөн кийин «ирригация менен камсыздоо» деген сөздөр менен толукталсын;
- 29 пункттагы «суу менен камсыздоо,» деген сөздөрдөн кийин «ирригация менен камсыздоо» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомунда белгиленген тартипте расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн эки нускада кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Н.К. Орунтаев |